Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:38

Колумбияда сел 150 адамдын өмүрүн алды


Дагы кеминде 400 киши жаракат алганы, ооруканаларда жарадарларга куюуга кан жетишпей жатканын Associated Press жазды. Маалыматка караганда, нөшөрлөгөн жаандан улам Мокоа шаарындагы дарыя ташып, шаарды каптаган. Учурда кырсык болгон аймакта куткаруу-издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кырсык болгон жерге Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос келди.

Жергиликтүү бийлик селден набыт болгондордун саны өсөт деп кооптонууда. Анткени сел түн ичинде, адамдар уктап жаткан учурда келген.

Колумбиянын түштүк-батыш аймагы Түштүк Америкадагы эң нымдуу аймак.

XS
SM
MD
LG