Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:27

Жаза аткаруу кызматы: Жапаровдун абалы канааттандырарлык


Садыр Жапаров.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, 2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Саат жетиде Жапаровду №47 колониянын медициналык мекемесине алып келишкен. Анын мойнундагы, колундагы жарааттары тигилген. Учурда ал ошол жакта, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык, кан басымы калыбында деп белгилешти.

Александр Никсдорфтун маалыматы боюнча, Садыр Жапаровго Атайын прокуратуранын, Акыйкатчынын өкүлдөрү жана адвокаты кирип, жолугуп чыккан:

- Жапаров аларга кан тамырын өзү кесип алганын айтып, №1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана камерада чогуу отурган кишилерге, 47-колониянын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирди. Ал бир гана нерсени: камакта отурган туугандарын бошотууну суранды.

Садыр Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин анын адвокаттары да белгилешүүдө. Бирок экс-депутаттын жакындары ал өзү кан тамырын кесүүгө барганына ишенбей жатышканын, бул боюнча көз карандысыз иликтөө талап кылыша тургандыгын айтышууда.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганча Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG