Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:51

Кыргызстанда 25 миң адам рак менен каттоодо турат


Улуттук онкология борборунда 25 миң адам залалдуу шишик менен каттоодо турат. Жылына өлкөдө 5 миң кишиге алгач ирет рак диагнозу коюлат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Эрнист Тилеков билдирди. Анын айтымында ооруга чалдыккандардын көбүнүн дарты акыркы стадияда гана аныкталып жаткандыктан, дарылоо бир топ кыйын болууда.

Ошондой эле Тилеков Индиядан Кыргызстанга берилген "Бабатрон" жабдуусу эки айдан кийин Бишкекке жетип, ишке кирерин кошумчалады. Быйыл аталган борбордун имараттарын оңдоп-түзөө иштери да башталат. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG