Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Сербияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Сербияда президенттик шайлоо өтүп жатат . Добушкана. 2017-жыл 2-апрель.

Шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар деп учурдагы премьер-министр Александр Вучич аталууда. Шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү байкоочулардын билдирүүсүндө добуш берүү негизинен тынч өтүп жатат.

Башкаруучу Прогресс партиясынын лидери Вучич Сербиянын Европа биримдигине кошулуусун жактаган саясатчы. Вучич ушул шайлоодо тийиштүү добушка ээ болобу же атаандаштарынын ичинен алдыга чыкканы менен экинчи айлампада ат салышабы деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып турат. Бирок, айрым сурамжылоолор ал каршылаштарынан бир топ алдыда экенин көрсөткөн. Ал үгүт компаниясынан мурун Берлинде канцлер Ангела Меркел жана Москвада президент Владимир Путин менен жолугуп келген. Байкоочулар муну ал шайлоо алдында Европа биримдиги менен Москванын да колдоосуна ээ экенин көрсөткүсү келди деп баалашкан.

Шайлоого миңден ашык сербиялык, жүздөн ашык чет өлкөлүк байкоочу көз салууда.

XS
SM
MD
LG