Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Жанар Акаев: Канжар Кадыралиев бийликке жагынгысы келип жатат


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Канжар Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун ага кылмыш ишин козгоо чакырыгы боюнча “Азаттык” үналгысына комментарий берип, муну Канжар Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети деп баалады.

"Тоноо, бандиттик жана рэкеттик үчүн айыпталып жаткан Канжар Кадыралиев мага жалган жалаа жабуу менен бийликке жагынгысы келип жатат. Бул учурдан мени көрө албагандар пайдалангысы келсе, мен таң калбайм. Бирок мен өзүмдүн элим үчүн жана адилеттик үчүн күрөшө берем. Алар мурда да мени коркута да, сатып ала алышкан да эмес. Бул жолу да эч нерсе чыкпайт" - деди Жанар Акаев.

Канжар Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокурорду Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге кылмыш ишин козгоого чакырган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган. Адвокаттын сөзү боюнча, Жанар Акаевге "кызмат абалынан пайдаланганы үчүн" кылмыш иши козголууга тийиш. Икрамидин Айткулов Канжар Кадыралиевдин 30-мартта сот жараянында берген көрсөтмөсүнө таянып, депутат Кадыралиевдин иши боюнча жабырлануучулардан жана Кадыралиевдин туугандарынан акча алган, сотторго басым жасаган деп билдирүүдө.

30-марттагы сот жараянында айыпталуучу Канжар Кадыралиев депутат Жанар Акаевди пара алганы үчүн айыптаган эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжарга Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өткөн жумада парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын катарынан чыгарылган эле. Фракция мунун себебин депутаттын позициясы фракцияныкына туура келбей калганы менен түшүндүргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG