Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

"Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылы парламентке кайрылды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Констициялык кеңешме үчүн" кыймылы Садыр Жапаровго байланыштуу жагдай боюнча Жогорку Кеңешке шашылыш кайрылуу жолдоду. Анда окуяга парламент көзөмөл жүргүзүп, медициналык документтердин так болушун кепилдикке алышы керектиги айтылат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги Жапаров боюнча мекемелер аралык комиссия түзүшү зарылдыгы белгиленет.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган экс-депутат Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук мойну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген.

Кийинчерээк мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин, мойну менен колун өзү кескенин билдирген. Бирок экс-депутаттын туугандары буга ишенбей турганын белгилешүүдө.

"Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартова. Мүчөлөрү Равшан Жээнбеков, Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева жана башка саясатчы-активисттер. (SE)

XS
SM
MD
LG