Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Армян президентинин партиясы добуштардын жарымына ээ болууда


Армян президенти Серж Саргсян
Армян президенти Серж Саргсян

Арменияда 2-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо президент Серж Саргсяндын Республикачылар партиясы жеңишке жетишти. Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдө билдиргендей, бюллетендердин 50 пайыздан көбү саналып бүттү.

Алардын жыйынтыгы боюнча, президенттин партиясы добуштардын 50,4 пайызына ээ болууда. Орусиячыл олигарх Гагик Царукяндун блогу 28,3 пайыз, "Армениянын революциялык федерациясы" 7 пайыздай добуш алышып, парламентке киргени турушат. Республикачылар партиясынын өкүлдөрү шайлоонун алдын ала жыйынтыгына таянып, бул партия жаңы өкмөттү өзү түзөөрүн билдирип чыгышты.

2015-жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары көбөйөт. Президент парламент тарабынан шайланып, символикалык позицияга айланат. Бул өзгөртүүлөр президент Саргсяндын мөөнөтү аяктаганда 2018-жылы күчүнө кирет. Мындан улам оппозиция өкүлдөрү президентти "бийликте калгысы келет" деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG