Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

АКШнын БУУдагы элчиси Орусияга чара көрүлөөрүн айтты


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли

АКШнын БУУдагы элчиси Кремлдин Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөр аяктагандан кийин президент Дональд Трамп Орусияга катуу чара көрүшү мүмкүндүгүн ишара кылды. Элчи Никки Хейли 2-апрелде америкалык ABC телеканалына курган маегинде анын бул сөздөрү Трамптын пикирине каршы келбестигин айтып, Орусиянын шайлоо жараянына аралашканында күмөн жок деди.

Буга чейин АКШнын чалгын кызматтары орус өкмөтү Трампка көмөк көрсөтүү үчүн шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деген тыянакка келишкен. Трамп Демократиялык партиянын электрондук почталарын орустар бузуп кирди дегенге ишенерин, бирок бул аракет шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбегенин айткан. Орусия болсо чалгын кызматтарынын корутундусун негизсиз деп четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG