Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ошто Сирияга барып келди деп шектелген жаран кармалды


Сириядагы уруштан талкаланган үйлөр.
Сириядагы уруштан талкаланган үйлөр.

Кыргызстандан Сирияга барып, тыюу салынган топтун катарына кошулуп келген жаран кармалды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-апрелде билдиргендей, 25 жаштагы жергиликтүү тургунду калаа милициясынын 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери колго түшүргөн.

Тергөөдө маалым болгондой, шектүү Орусиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргөн кезде, 2015-жылы февралда чечен тааныштарынын сунушу менен Сирияга кеткен. Ал жакта "Жабхат-ул-Нусрат" тобуна кошулган. Эки ай машыгуу талаасында болгонун, курал атуу, мушташуу өнөрлөрүн үйрөнгөнүн милицияга айтып берген. Андан соң жоочулардын "Ганибат" деген тобуна кошулуп, Түркияга келгенин, ошол жерде полицияга кармалганын, кийинчерээк Кыргызстанга депортацияланганын билдирген.

Шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Ирактагы диний согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 600 чамалуу. Алардын жетимишке жакыны ошол жакта каза болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG