Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:23

Санкт-Петербургдагы жарылууда кыргызстандыктар жабыр тарткан-тартпаганы такталууда


Жарылуу болгон станция.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жарылуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар же жок экени такталууда. Териштирүү иштерин Питердеги консулдук жүргүзүп жатат.

Бүгүн түштөн кийин "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метростанцияларында жарылуу болгонун мамлекеттик РИА Новости агенттиги жана башка маалымат булактары кабарлады.

Күбөлөргө таянуу менен жазылган маалыматтарда станцияны түтүн каптаганы, жабыркагандар жана курмандыктар бар экени айтылат. Расмий билдирүү жасала элек.

Социалдык желелерде жарылуудан кийинки сүрөттөр жарыяланууда. Анда бир канча кишинин жерде жатканын көрүүгө болот. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG