Орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу болгонун, өлгөндөр бар экенин ырастады.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС жаңылыктар агенттиги жардыруудан кеминде 10 адам мерт болгонун кабарлап чыкты. Айрым маалымат каражаттары дүйшөмбү күнү түш оой эки жерде жардыруу болгонун жазып жатышат.
Lenta.ru сайты аты аталбаган булактарга шилтеме кылып кеминде беш адам өлгөнүн кабарлады.
Интернетке жарыяланган видеолор станциядан түтүн чыкканын, метронун платформасында жаракат алгандар жатканын көрсөтүүдө.
Жардыруу болгон станция катары "Технологический институт", "Сенная площадь" станцияларынын аты аталууда. Шаардагы жети метро станциясы убактылуу жабылды.