Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Президент Атамбаев Орусиянын президентине көңүл айтты


Теракт болгон метро. Санкт-Петербург
Теракт болгон метро. Санкт-Петербург

Президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында адам өлүмү менен коштолгон жардырууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Президент жиберген телеграммада:

"Санкт-Петербург шаарынын метросунда болгон жардыруудан кишилер набыт кеткени тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан мындай тынч жана күнөөсүз адамдарга багытталган адамгерчиликсиз ишти айыптайт. Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан жардыруудан курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жараат алгандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм" деп айтылган.

3-апрелде жергиликтүү саат боюнча 14:40та шаардагы "Технологический институт" жана "Сенная площадь" метро станцияларынын ортосундагы поездде жардыруу болгон. Андан он бир адам мерт болуп, элүүдөн ашуун киши жараат алган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG