Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:54

4-апрелде "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин үстүнөн берилген доо арызы Биринчи Май райондук сотунда каралат. Аталган кыймыл коопсуздук кызматын "ар-намыска жана ишкерлик беделге доо кетирди" деген жүйө менен сотко берген.

"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынан маалымдашкандай, бүгүн сот тараптар менен аңгемелешүү өткөрөт.

2017-жылдын 24-январында УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратып, Кара-Суу районунун тургуну кармалганын, анын үйүн тинтүүдө Кыргызстандагы Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер табылганын маалымдаган. Ошол эле маалыматта "тинтүү учурунда "Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын ишмердигине байланышкан материалдар да табылган. Аталган кыймылдын өкүлдөрү жергиликтүү элди чогултуп, шектүү жарандын үйүн тинтүүгө жана аны кармоого жолтоо кылуу үчүн жаңжал чыгарууга аракет кылышты" деп жазылган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы бул маалымат Кыргызстандын бардык интернет сайттарына жана социалдык тармактарга жарыяланганын белгилеп, УКМКны сотко берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG