Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

"Интерфакс": Санкт-Петербургдагы жардырууну борбор азиялык жанкечти жасаган болушу ыктымал


Chaos Inside St. Petersburg Metro Following Blast video grab
Chaos Inside St. Petersburg Metro Following Blast video grab

Мындай маалыматты күч кызматтарындагы булагына таянып, "Интерфакс" агенттиги таратты. Ага ылайык, Петербург метросуна жардыргыч затты жанкечти рюкзакка салып, алып кирген болушу мүмкүн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Борбор Азиянын 23 жаштагы тургуну. Ал мурда да жардырууларга тиешеси бар деп шектелип, бирок полицияга өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип келген. 3-апрелде күңүрт түстүү кийимчен бул адам метродогу видеокамераларга түшүп калган.

Алдын ала айтылып жаткан божомолдор боюнча, жардырууну жасаган жанкечти Орусияда тыюу салынган радикал мусулман топтору менен байланышта болгон.

Мурдараак жардырууну казакстандык Максим Арышев аттуу 22 жаштагы жаран жасады деген маалымат интернетке тараган.

3-апрель күнү кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин жардыруу болгон жерге келип, гүлчамбар койду. Ал журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып, ФСБнын аймактык башкармалыгында жыйын өткөрүү үчүн жөнөп кеткен.

XS
SM
MD
LG