Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстандагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүүдө


Кадамжайдагы сел. 27-март, 2016-жыл
Кадамжайдагы сел. 27-март, 2016-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жыргалаң, Каракол, Талас, Узун-Акмат, Чычкан, Тар, Яссы, Кара-Кулжа, Доңуз-Тоо, Зергер, Тентек-Сай, Чаңгет жана Араван-Сай дарыяларында суунун деңгээли 5-13 сантиметрге чейин көтөрүлгөн.

Суу сактагычтардагы суунун деңгээли да тездик менен көтөрүлүүдө. Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун агымы 152% түзүүдө, ал эми Орто-Токой суу сактагычына куйган суунун агымы 161%, Киров суу сактагычына куйган суунун агымы 137% болууда.

Жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дарыялардан суу ташып, сел жүрүү коркунучу бар. Чүй, Талас жана Нарын облустарында суу каптоо коркунучу күтүлүүдө. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийликтерге арыктарды тазалап, сел, суу каптоонун алдын алуу иштерин жүргүзүүнү эскертти.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG