Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Индия жаранын өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык кармалды


Орусиянын Красноярск шаарында Индиянын жаранын өлтүрүүгө шектелип, 2015-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу камоочу жайында кармалууда.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы апрель айында Красноярск шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Индия жаранынын кескиленип өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны акчасын алуу максатында кыргызстандык жаран өлтүргөнү аныкталган. Буга байланыштуу Красноярск шаарынын прокуратурасы Кыргызстандын ички иштер министрлигине кайрылып, бул иш боюнча кылмыш ишин тергөөнү өткөрүп берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG