Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайы өтүүдө


Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайы
Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайы

Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайы өтүп жатат. Жыйында негизги төрт маселе талкууланмакчы. Алар - Кыргызстанда исламдын салттуу багыты саналган ханафий мазхабын сактоо жана өнүктүрүү, Мухаммед пайгамбардын амалдарын аткаруу менен мусулмандарды биримдикке үндөө, диний экстремизмдин алдын алуу жана исламдын руханий баалуулуктары аркылуу улуттар аралык ымаланы бекемдөө.

Андан тышкары курултайдын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий да шайланат. Ошондой эле Аалымдар кеңешинин курамы жаңыланып, Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы тандалат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин гана талапкерлиги коюлган. Буга чейин эки талапкер - Чубак ажы Жалилов менен Ниязалы ажы Арипов шайлоого катышуудан баш тартышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG