Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Жаңжал учурунда курал колдонгон милиционердин иши иликтенүүдө


Бишкекте жаңжал учурунда травматикалык тапанча колдонгон милиционердин үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медер Ибраев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ал кезде милиционер жарандык кийимчен жүргөн:

- 29 жаштагы шектүү мамлекеттик наркологиялык диспансерге жеткирилип текшерилген жана алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган. Ал өзүнүн атына жазылган МР-8013 травматикалык тапанчаны ыктыяры менен тапшырды. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экени аныкталды.

Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, шектүү кызматтан бошотулушу ыктымал.

2-апрелде "Космопарк" эс алуу борборунун жанында эки адам жаңжалдашып, ок атылган. Кийинчерээк курал колдонгон киши милициянын кызматкери, лейтенант экени тууралуу маалымат берилген. Жаңжалдын экинчи катышуучусу жабыркап, ооруканага кайрылган жана биринчи медициналык жардам алып үйүнө кеткен. Эртеси милицияга арыз жазган.

Ишти Октябрь райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG