Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Австралияда ооган президентине каршы нааразылык акциясы өттү


Ооган мамлекет башчысы Ашраф Гани Австралия баш калаасына расмий сапар менен келген күнү ал жактагы хазар улутундагы жүздөгөн жарандар нааразылык акциясына чогулушту.

Канберрада 3-апрелде болгон митинг катышуучулары Ашраф Ганини Ооганстандагы этникалык азчылыктарды басынтуу саясатын токтотууга чакырышты. Ошондой эле Австралияга баш паанек издеп келген хазарларды кайра Ооганстанга кайтарууну токтотууну да талап кылышты.

2011-жылы Кабул менен Канберра ортосунда Ооганстандан келгендерди мекенине жөнөтүү - депортация кылуу боюнча макулдашууга кол коюлган.

Ашраф Гани кечээ алгач ирет Австралияга төрт күндүк расмий сапар менен барды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG