Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Ооганстан: өмүр кыйган кандуу жылдар


Жыл башынан бери Ооганстанда 1600 жайкын тургун өлтүрүлүп, үч жарым миңдейи жараат алды.

Бул 2009-жылдан берки эң чоң көрсөткүч экенин Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясы жарыялаган докладда айтылат. 25-июлда жарыяланган баяндамада Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жана жайкын тургандардын коопсуздук сактоого дүйнөлүк коомчулукту чакырыгы камтылды. Өткөн ишемби күнкү Кабулдагы теракт 80дей адамдын өмүрүн алган эле.

Улуттар уюмунун Ооганстан тууралуу баяндамасы бул өлкөдөгү акыркы жети жыл аралыгындагы абалды баяндайт. Андагы маалыматка караганда, 2009-жылдан тарта 23 миң жакын ооганстандык набыт болуп, 11 миңден ашууну жарадар болгон. Ал эми акыркы алты айда эле өлкөдөгү чабуулдардан 388 бала мерт болгон. Бир жарым миңден ашык жеткинчек жараат алган.

Бириккен Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын атайын өкүлү Тадамиси Йамамото баяндама жаңжалга аралашкан бардык тараптардын көз карашын камтырын билдирүүдө:

- Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын миссиясы жаңжалга аралашкан бардык тараптар менен такай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул ооган өкмөтү, эл аралык аскерий күчтөр жана талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин даярдалган доклад. Ага бардык тараптардын көз караштары кирет. Баарынан мурда биздин башкы максатыбыз - өлкөдөгү өзгөрүүлөргө түрткү болуу.

Мерт болгон жайкын тургундардын көпчүлүгү кол салуулардан бейажал кайтыш болгон. Докладда намаз окуп жатып, иш үстүнөн, окуусунан, керек болсо ооруканада жаткан жерден күнөөсүз набыт болгондор тууралуу айтылат. Жайкын тургундардын басымдуу бөлүгү өкмөт армиясы менен оппозициялык жана террорчул күчтөрдүн кагылышында мерт кеткен.

Алардын алтымыштай пайызы «Талибан» сыяктуу өкмөткө каршы күчтөрдүн чабуулдарынан жабыркагандар. Ошентсе да өкмөттүк армиянын соккуларынан мерт кеткендердин саны да өсүп жатканы баяндамада айтылат.

Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын адам укуктары жаатын тейлеген Даниел Белл билдирди:

- Өкмөткө каршы күчтөр, алардын ичинде талиптер эл аралык укукту бузуу менен жайкын тургундарга кол салууну улантып келишет. Буга ар кандай топтордун лидерлерин, маалымат каражаттарынын кызматкерлерин жана сот органдарынын өкүлдөрүн атайлап өлтүрүү да кирет. Биздин миссия жайкын тургундар арасында жоготуулар өсүп жатканын каттады. Тенденция уланууда, буга эки күн мурда Кабулда болгон теракт да мисал.

Улуттар уюмунун өкүлү айтып жаткан соңку чабуул 23-июлда Кабулда орун алды. Анда жанкечти Ооганстанда улуттук азчылыкты түзгөн хазар этникалык тобунун өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп жаткан жерде өзүн өзү жардырып жиберген. Кол салуу сексенден ашуун адамдын өмүрүн алып, 230дан ашыгы жарадар болду. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды.

Ал күнү Кабулдун көчөлөрүнө чыккан миңдеген хазарлар ТУТАП долбоорунун электр линиясы Бамиан провинциясы аркылуу өтүшүн талап кылышкан. Бул провинцияда негизинен хазарлар диний азчылыкты түзүшкөн шииттер отурукташкан.

Түркмөнстандан тартыла турган бул ири долбоордун электр линиясын адегенде Бамиан провинциясы өткөрүү пландалып, кийин өкмөт анын багытын өзгөртүп Саланга ашуу менен алып өтүүнү чечкен. Хазарлар Ооганстан калкынын тогуз пайызын түзөт. Бул жардыруу апрель айынан берки эң кандуу теракт болуп калды.

Апрелде коопсуздук күчтөрүнүн имаратына жасалган чабуулдан кеминде алтымыш киши мүрт кеткен. Соңку чабуулду «Талибан» кыймылы кескин сынга алып чыкты.

XS
SM
MD
LG