Ош облусундагы Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолу 10 метрге чейин чөктү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-апрелде эртең менен саат 8:40тар чамасында жолдун 11-километри чөккөн. Узундугу 30, туурасы 20 метр, болжол менен 5000 миң куб.
Жабыркагандар жок. Жолду калыбына келтирүү боюнча даярдыктар жүрүүдө. (SE)