Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

АКШ менен Египет кызматташтыкты жандантууну макулдашты


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Египет лидери Абдел Фаттах аль-Сиси (оңдо)
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Египет лидери Абдел Фаттах аль-Сиси (оңдо)

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Египет лидери Абдел Фаттах аль-Сиси Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жаатында кызматташууну макулдашты. Дүйшөмбү күнү Вашингтондо жолуккан эки лидер өзгөчө Ливия, Сирия жана Йемендеги кырдаалды турукташтыруу жана Израил менен Палестинанын ортосундагы тынчтык процессине колдоо көрсөтүү маселесинде орток пикир табышты. Ошондой эле экстремисттик топторду жок кылуу жолдору талкууланды.

Бул жолугушууга чейин Дональд Трамп АКШнын Жакынкы Чыгыштагы узактан берки өнөктөшү саналган Египет менен мамилени кайра жандантууну көздөөрүн айткан. Аль-Сиси менен мурдагы президент Барак Обаманын ортосунда кайчы пикирлер катталган. Акыркы жолу Вашингтонго Хосни Мубарак Египет президенти катары 2010-жылы келген эле.

XS
SM
MD
LG