Санкт-Петербургдагы жардырууга тиешеси бар деп шектелген теги кыргызстандык жарандын ата-энеси Ошто сурак берүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, сурак тийиштүү мыйзамдын негизинде атайын кызматтын Оштогу башкармалыгында жүрүп жатат.
3-апрелде Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.
Мерт кеткендердин саны соңку маалыматтар боюнча 14 киши. Элүүдөй адам ооруканада.
Орус бийлиги муну теракт деп атады. Маалымат булактары жардырууну жасаган адам кыргызстандык экенин жазып чыгышкан.
Кыргыз атайын кызматтары шектүү адам Кыргызстанда туулганын, орус жарандыгын алганын тастыктаган.