Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Санкт-Петербург: жанкечтинин сөөгү табылды


Санкт-Петербургда үч күндүз аза күтүү жарыяланды.
Санкт-Петербургда үч күндүз аза күтүү жарыяланды.

Орус иликтөөчүлөрү Санкт-Петербургда 14 кишинин өмүрүн алган терактка шектүү адамдын сөөгү жардыруу болгон жерде табылганын билдиришти. Федералдык иликтөө комитети жанкечтинин тек-жайы аныкталганын, иликтөөгө байланыштуу анын аты-жөнү жарыяланбай турганын 4-апрелде кабарлады.

"Бомбаны поезддин үчүнчү вагонунда сөөгүнүн калдыктары табылган эркек киши ишке киргизген болушу мүмкүн" деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Мындан мурдараак Кыргызстандын коопсуздук комитети Санкт-Петербурдагы жардырууга шектелген адам Кыргызстанда төрөлгөнүн, кийин орус жарандыгын алганын билдирген.

Дүйшөмбү күнү түш оой Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG