2-апрелде Бишкектеги "Космопарк" эс алуу борборунун жанында эки адам жаңжалдашып, анын бири - милиция кызматкери травматикалык тапанчадан ок аткан. Милиционердин бул жоругу боюнча прокуратура кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми жаңжалды Октябрь райондук милициясы иликтөөдө. Азырынча кылмыш иши козголо элек.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, иши каралып жаткан милиция кызматкери азырынча жумушка чыкпай турат. Аны иштен алуу же ордунда калтыруу маселеси кызматтык иликтөөнүн тыянагынан кийин каралат.
Жаңжалга аралашкан экинчи киши жабыркап, ооруканага кайрылган жана медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Эртеси болсо милицияга арыз жазган.
Соттук медициналык-экспертиза милиционер ичимдик ичкенин бышыктаган. Колундагы кызматтык тапанчаны өз ыктыяры менен тапшырган. (SE)