Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Ооган талиптери чабуулдарын күчөтөөрүн билдирди


Ооганстан.
Ооганстан.

Талип согушкерлери Ооганстанда көзөмөлдөгөн аймактарын кеңейтүүнү мерчемдеп жатканын алардын өкүлү Забихулла Мужахид DPA жаңылыктар агенттигине билдирди. Анын айтымында, талиптер ушул жазда түштүктөгү Гилменд, Орузган, батыштагы Фарах, Фаряб, түндүктөгү Кундуз провинцияларындагы аракеттерин күчөтүүнү пландоодо. Мындан тышкары алар ар бир провинцияда өзүнчө командачылык түзүүнү, башка провинциялардын борборлоруна көзөмөл орнотууну көздөп жатат.

АКШнын армия өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Батыштан колдоо алган ооган өкмөтү өлкөнүн 60 пайызга жетпеген аймагын гана көзөмөлдөйт. Жакында ооган бийлиги "Талибан" кыймылы жана “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн америкалык контингентти көбөйтүү зарылдыгын билдирген.

16 жыл боюнча кармаш токтобой келген Ооганстанда 8400дөй АКШ аскери бар. НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден бери ооган армиясы туруктуулукту толук камсыз кыла албайт келет.

XS
SM
MD
LG