Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:00

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин курамындагы "Ататүрк — Алатоо" университетинин аты Эл аралык "Ала-Тоо" университети болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын коомчулук менен байланышуу бөлүмү 5-апрелде кабарлады.

Мурдагы ректор Осман Гокалптын иштөө мөөнөттү аяктап, анын ордуна педагогика илимдеринин доктору, билим берүү багытындагы бир нече мыйзамдардын автору жана Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты Жангороз Каниметов ректор болуп дайындалды.

Учурда университеттин жаңы уставы иштелип чыгууда, жакын арада кайрадан Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт.

Мурдараак кыргыз-түрк "Себат" лицейлери "Сапат" деген аталышка өткөн. (SE)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG