Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

"Сапаттын" окуу программасы да өзгөрөт


Эл аралык “Себат” лицейинин окуучулары жасаган робот. (архивдик сүрөт) 23.4.2016.
Эл аралык “Себат” лицейинин окуучулары жасаган робот. (архивдик сүрөт) 23.4.2016.

Реформаны аталышын өзгөртүүдөн баштаган "Себат" билим берүү тармагы Финляндия менен Испаниянын окутуу системасын Кыргызстанда колдонуп көргөнү жатат.

Кыргызстанда иштеп жаткан түркиялыктар негиздеген Ататүрк - Ала-Тоо университети, "Себат" билим берүү тармагы реформаланууда.

Жалпыга белгилүү “Себат” билим берүү тармагы реформаны атын өзгөртүүдөн баштады. “Сапат” деген атына жараша мектептин фирмалык стили да, эн белгиси да өзгөрүп жатат.

Мындай чечим өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүп жатканына байланыштуу кабыл алынганын директордун орун басары Ислам Иманалиев билдирди. Анын айтымында, мектептин формасы эле эмес, билим сапатын жакшыртуу багытындагы мазмундук өзгөрүүлөр да жасалып жатат.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Мунун башкы максаты - балдарга терең билим берүү. Бул максатта "Сапат" тармагы өз карамагындагы үч мектепке Финляндия жана Испания мамлекеттеринин окутуу системасын үлгү катары киргизгени турат. Мында тереңдетилген сабактарды өтүүдө окуучулардын жөндөмү менен тандоосуна маани берилет:

- Жумушчу топ түзүлүп 9-10-11-класстарды профилдик максатта окутуу, ага байланыштуу окуу программалар жана китептерге өзгөртүү киргизүү боюнча иштер башталды. Табигый, социалдык багыттагы илимдер, медицина, химия сабактарын окуучулардын каалоосу боюнча бөлүп алып тереңдетип окутабыз. Ал үчүн атайын анкета жүргүзүлөт.

"Ала-Тоонун максаты"

Ал эми эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университетин "Ала-Тоо" деп атоо сунушталууда. Учурда ал жеке менчик окуу жай болуп эсептелет. Муну “Азаттыкка” окуу жайга жаңыдан ректор болуп дайындалган Жангороз Каниметов ырастады. Өзгөчө окуу жайды оптималдаштыруу, жаңы технологиялар, инновация багытында дүйнөдөгү алдыңкы университеттер менен иштешүүгө кадам таштоону пландоодо.

- Университеттин негизги багыттарын калтырабыз. Өнүгүүгө шайкеш келген, инновациялык, жаңы технологиялар, жаңы долбоорлордо иштей турган, эл аралык деңгээлге чыга турган жолдорду карап жатабыз. Мисалы, керектүү адистерди карап жатабыз. Медициналык факультет ачылган. Ага оорукана ачуу боюнча демөөрчү издеп жатабыз.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун айтымында, “Ала-Тоо” окуу жайы Кыргызстанда лицензия алып иштеп келсе, эми бардык окутуу программалары атайын көз карандысыз аккредитациядан өтөт.

- Мурда лицензияны окутуу ишмердүүлүгү үчүн алса, азыр бардык программалары көз карандысыз аккредитациядан өтөт. Бул мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга мүмкүнчүлүк берет.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Түркия бийликтери былтыркы төңкөрүш аракеттеринен кийин "Себат" окуу жайлар тармагын Фетхуллах Гүлендин уюму көзөмөлдөйт деп эсептеп, андай мектептерди жабууну бир катар өлкөлөргө, алардын катарында Кыргызстанга да сунуштаган. Кыргызстан өз кезегинде бул окуу жайлар өлкөнүн билим берүү стандарттарына толук жооп берерин белгилеген жана жабуунун ордуна көзөмөлдү күчөтүп, айрым өзгөрүүлөрдү киргизүүнү туура көргөн. Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык, Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги өлкөдөгү "Себат" окуу жайларынын уюштуруучуларынын курамына кирмей болгон.

“Сапат” болуп өзгөргөн эл аралык уюмдун тутумуна Кыргызстандагы 16 лицей, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети, Silk Road жеке мектеби жана бир нече мектеп, жатакана кирет. Окуучулардын жалпы саны 12 миңден ашат. "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинде 2 миңдей студент билим алат.

"Азаттыктын" архиви. Арай көз чарай берүүсү. 7-февраль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG