Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстандагы тогуз шаарча айыл макамына өтөт


Cүлүктү
Cүлүктү

Калкынын саны 10 миңден аз, шаардык мэриялардын карамагында турган тогуз шаарчалык башкармалыктарга “айыл” макамы берилет.

Алар Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай, Кызыл-Жар 12, Майлуу-Суу шаарына караган Көк-Таш, Кара-Көл шаарындагы Кетмен-Төбө, Сүлүктүдөгү Восточный, Каракол шаарынын Пристань-Пржевальский, Балыкчынын Орто-Токой, Орловка шаарынын Борду жана Бишкектин Чоң-Арык шаарчалык айыл өкмөттөрү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгембердиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бул маселеде өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнө кат жөнөтүлдү. Эми алар элдин пикирин жана жергиликтүү депутаттардын сунушун эске алып, документтерди чогултат.

Жогорудагы сунушка 17 миң калкы бар Шамалды-Сайдын тургундары каршы болуп жатышат.

Өкмөттүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №619 токтомуна ылайык административдик аймактары кыскарган жана калкынын саны азайган 19 шаар тибиндеги поселокторго (ПГТ) буга чейин айыл макамы берилген. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG