Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Никитенко УКМКнын ишмердиги жөнүндө маселе көтөрдү


Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко 5-апрелдеги парламент жыйынында кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комититенин ишмердиги жөнүндө маселе көтөрдү.

«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан кезде депутат террорчулук темасы тилекке каршы актуалдуу болуп турганын белгиледи жана УКМКнын негизги милдети тууралуу пикирин билдирди:

- Бул мекеме улуттук коопсуздукту камсыздоого бардык күчүн жумшап, жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргошу кажет. Тилекке каршы, УКМКнын соңку аракеттери менде чоң суроолорду жаратып жатат. Мага кызык, негизги күчүңөрдү өз жарандарыңар менен күрөшүүгө жумшап жатсаңар, силерде терроризм, коомго коркунуч алып келип жаткан топтордун очогун аныктоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Түрдүү саясий себептерге байланыштуу атайын кызматтын көпчүлүк өкүлдөрү телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап, тынчтык митингдерин көзөмөлдөө менен алек. Андыктан, Улуттук коопсуздук комитети жарандарынын коопсуздугу менен алектенип жатат деп кантип айта алабыз?

Депутаттын бул пикирине УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков жооп берип, атайын кызмат Конституциянын, "Улуттук коопсуздук органы жөнүндөгү" мыйзамдын жана башка документтердин негизинде иш алып барарын белгиледи:

- Бардык иш-аракеттер коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Дал ушул жаатта иш жүрүп жатат. Дагы бир жолу айтам, бардык жумуш Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Депутат Наталья Никитенко УКМК дарегине жогорудагыдай сын-пикирин буга чейин да бир канча жолу айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG