Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Окумуштуулар ийнесиз эмдөө жолун табышты


Калифорниядагы Беркли университетинин окумуштуулары ийнесиз эмдөө жолун табышты. Анда шприцтин ордуна бармактын учундай болгон капсула колдонулуп, ийненин ордуна химиялык реакция жүрөт. Салттуу эмдөө ыкмасынан айырмаланып адамдын этин оорутпайт.

Бейтап вакцина куюлган капсуланы оозуна салып, жаактын ички бетине такайт. Натыйжада капсуладагы химиялык заттар аралашып, катуу басым пайда болот жана вакцина чел кабыкка өтөт.

«Вакцина өтө чоң ылдамдык менен капсуладан чыгат. Натыйжада жаактын ички бетиндеги бир нече катмардан өтүп кетет. Бул жол менен белоктор адамдын организмине кирет», - дейт университеттин биоинженерия боюнча профессору Нирен Мёрфи.

MucoJet деп аталган капсула алгач коёндордо сыноодон өттү. Эми аны адамдарга жана ири сүт эмүүчү жандыктарга сыноо максаты турат.

Окумуштуулар жаңы ыкма эпидемия жүрүп жаткан алыскы аймактарда кыска убакытта эмдөө жүргүзүүгө жардам берет дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG