Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:39

Журналист Эрнис Кыязов коркутууга кабылганын айтып чыкты


Эрнис Кыязов.

Журналист Эрнис Кыязов аны 4-апрелде түнкү cаат он жарымдарда белгисиз үч-төрт адам коркутканын маалымдады. Фейсбуктагы жеке баракчасына бул тууралуу жазып, Бишкектин четиндеги үйүнүн алдында аны жулкулдатып, опузалоого аракеттенишкенин айтат.

Азырынча Кыязовдун өзү менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Журналисттин дарыгерге же милицияга кайрылганы тууралуу маалымат жок.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы азырынча бул окуя боюнча арыз түшкөн-түшпөгөнү белгисиз экенин билдирди.

Бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан тастыктоого дагы мүмкүн болгон жок.

Эрнис Кыязов КТРК, ЭлТР, НТС, ОшТВ сыяктуу телеканалардарда иштеген. Автордук саясий берүүлөрү менен таанымал. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG