Бийликтин элдик курултай өткөрүү демилгеси
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин 3-апрелдеги жыйынында Элдик курултай өткөрүү жана ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди. Мамлекет башчынын бул чакырыгы ишке ашабы же мурдагыдай эле кагаз жүзүндө калабы? Элдик курултай кандай маселелерди талкуулап, кандай чечимдерди кабыл алышы керек? Курултайда кабыл алынган чечимдер кандайча ишке ашат? “Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды. Талкууга Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулматов, “Кыргыз жолу” коомунун биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.