Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:44

Македония Албанияны өлкөнүн ички ишине кийлигишти деп айыптады


Скопьедеги "Бириккен Македония" аттуу жүрүш, 4-апрель

Македон бийлиги ички маселелерге кийгилишти деп коңшу Албанияны айыптап чыкты. Македониянын Тышкы иштер министрлиги 4-апрелде тараткан билдирүүдө расмий Тирана өлкөдөгү албан азчылыктарына таасир этүү менен "конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө" аракет кылууда деп айтылат. Албан бийлиги соңку айыптоолорго жооп бере элек.

Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25 пайызын албандар түзөт. Буга чейин этникалык албандардын партиялары Тиранада Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жолугушкан. Партиялар македон бийлигинен көбүрөөк укуктарды талап кылууну макулдашкан. Талаптардын арасында албан тилин Македониянын экинчи расмий тили кылып жарыялоо маселеси бар.

Учурда Македонияда саясий туңгуюк өкүм сүрүүдө. Декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин VMRO-DPMNE блогунун лидери Никола Груевски тил боюнча талаптарды аткаруудан баш тартканы үчүн коалициялык көпчүлүк түзө албай койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG