Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкекте жайгашкан 47-колониянын санитардык бөлүгүндө жаткан Садыр Жапаровдун абалы жакшы деп баалашууда. Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев "Азаттыкка" билдирди:
- Садыр Жапаровдун ахыбалы түзүк. Азыр дарыланып жатат. Эч кандай дары-дармекке муктаждыгым жок деди. Эч кимге доо арызым жок деди. Туугандарынын, тарапташтарынын митинг-пикетке чыкпоосун суранып, бизди айтып койгула деди. Бардыгы мыйзамдын алкагында болсун деди. Биз кыйноолор тууралуу сурасак андайлар жок деди. Эч кандай доо арыз жок деди.
Жапаров менен жолугушууга депутат Мирлан Жээнчороев менен бирге "Бир бол" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев жана "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов барышкан.
5-апрелде парламенттин жалпы отурумунда "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Алманбет Шыкмаматов абактагы Жапаровдун абалына көңүл бурууну Жогорку Кеңештин төрагасынан өтүнгөн.
2-апрелде Жаза аткаруу кызматы тергөө абагында отурган Жапаров мойнундагы жана колундагы кан тамырларын кескилеп салганын, андан соң 47-колониянын санитардык бөлүгүнө жеткирилип, ал жерде жарааттары тигилип, абалы канааттандырарлык экенин маалымдаган. 4-апрелде айрым маалымат каражаттары Жапаровдун канга боелуп жерде жаткан сүрөтүн жарыялашкан. Ошол эле күнү кечке жуук Жаза аткаруу кызматы Жапаровдун үч жарым мүнөттүк видеосун жарыялады. Жапаров анда ден соолугу жакшы экенин жана өмүрү үчүн кооптонуу жокутугун айткан. (KE/ZKo)