Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:48

Орусия химиялык чабуул боюнча Батыш өлкөлөрүнүн айыптоосуна кабылган Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн коргоп чыкты. Орусиянын Коргоо министрлиги Сирия армиясынын соккулары көтөрүлүшчүлөр сактап турган химиялык куралдарга тийгенин, андан жергиликтүү тургундар ууланганын 5-апрелде билдирди.

“Кечээ Сириянын аба күчтөрү террорчулардын Хан-Шейхун шаарчасынын чыгыш тарабындагы курал-сактаган ири кампасына сокку урган. Кампанын аймагында уулуу согуштук куралдар бар болчу. Ал химиялык куралдарды согушкерлер Сириянын Алеппо шаарында да колдонушкан”,-деди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков.

Сириядагы көтөрүлүшчүлөр орус тараптын бул билдирүүсү чындыкка жатпайт деп айтып чыгышты. Немис канцлери Ангела Меркелдин басма сөз кызматы президент Асадга колдоо көрсөткөнү үчүн Орусия менен Ирандын бул чабуулда жоопкерчилиги бар деп кабарлады.

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймагындагы химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн бул аба соккуларынын курмандыктары 72ге жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG