Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Тикриттеги чабуул 31 адамдын өмүрүн алды


Тикритте буга чейин да жардыруулар болгон.
Тикритте буга чейин да жардыруулар болгон.

Ирактын Тикрит шаарында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чабуулдарынан кеминде 31 адам мерт болду. Жергиликтүү полиция 40тай киши жаракат алганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, шейшембинин түнүндө он согушкер шаарга жашыруун кирип келип, полиция бөлүмүнө жана бир полковниктин үйүнө кол салышкан.

ИМ тобуна ыктаган "Амак" кабар агенттиги жети согушкер коопсуздук күчтөрү менен кагылышканын, ок-дарылары түгөнгөндө өздөрүн жардырып жибергенин жазды.

Тикрит шаары баш калаа Багдаддан түндүктү көздөй 175 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул чабуул Ирак армиясы түндүктөгү Мосул шаарын согушкерлерден бошотуу операциясын өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG