Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Украинанын президенти Петро Порошенко мурдагы орусиялык саясатчы жана активист Мария Гайдарды өзүнө кеңешчи кылып дайындады.

Порошенко 28-мартта кол койгон буйрук 5-апрелде президенттин расмий сайтына жарыяланды.

34 жаштагы Мария Гайдар - 1992-жылы Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин тушунда өкмөт башчынын милдетин аткарган экономист Егор Гайдардын кызы.

Украинанын Одесса облусунда депутат болуп иштеп жаткан Мария Гайдар 2015-жылы украин жарандыгын алган. Ал 2015-жылдын июль айынан 2016-жылдын майына чейин Одесса губернаторунун орун басары болуп иштеген.

Гайдар аймактык депутаттардын башка мамлекеттик кызматтарды аркалашына тыюу салган мыйзам күчүнө киргенден кийин бул ишин токтоткон. Бирок Одессанын ал учурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин кеңешчиси катары администрацияда кала берген.

Мария Гайдар орус президенти Владимир Путинди сынга алып келет. Ал кезинде Орусиянын Киров облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG