Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:39

Өзбекстан-Орусия: 15 млрд долларлык келишимге жетишилди


Орус-өзбек лидерлери кол коюу аземинен кийин, Москва, 5-апрель

Орусия менен Өзбекстан баш аягы 15,8 миллиард долларлык инвестициялык жана соода келишимдерине жетишти. Бул тууралуу Москвага эки күндүк сапары менен келген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

"Биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча жалпысынан 12 миллиард долларлык келишимдер пакетине жана 3,8 миллиард долларлык соода келишимине кол коюп жатабыз", - деди Мирзиёев орус президенти Владимир Путин менен 5-апрелдеги жолугушуусунда.

Путин эки тарап автоунаа, жарандык авиация жана фармацевтика сыяктуу бир катар тармактарда кызматташууну макулдашканын айтты.

Мындан тышкары Орусия Өзбекстандан 5 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын алмай болду.

Бул Ислам Каримов көзү өткөндөн кийин өлкө башына келген Мирзиёевдин президент катары Орусияга жасаган алгачкы расмий визити.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG