Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө


Майрамдын урматына 6-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда дене тарбия жана спорт кызматкерлери үчүн салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Бишкекте жана республиканын аймактарында спорттук иш-чараларды уюштурган.

6-7-апрелде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо спортчулар кол күрөш, волейбол, армрестлинг, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш боюнча таймашышат.

Мелдештердин жыйынтыгында спорттун бардык түрлөрүнөн курама командалар түзүлүп, ал командалар 12-майдан 16-майга чейин боло турган Спартакиаданын экинчи этабына катышышат.

2013-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 6-апрелди өнүгүү жана тынчтык үчүн эл аралык спорт күнү деп белгилөө чечимин кабыл алган. Ал Кыргызстанда 2014-жылдан бери майрамдалып келет. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG