Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Президент Атамбаев БШКга таза шайлоо өткөрүүнү тапшырды


6-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Шайлдабекова шайлоо системасын өркүндөтүү, былтыркы шайлоодо аныкталган кемчиликтер менен алешемдиктерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди.

28-майда 18 айылдык жана эки шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Күздө президенттик шайлоону өткөрүү белгиленген.

Буга чейинки добуш берүүлөрдө айрым шайлоочулар тизмеден чыкпай, кээ бир участкаларда электрондук урналар иштебей калган учурлар болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG