Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Орусияда жакырлардын саны көбөйдү


Орусиялык ардагер
Орусиялык ардагер

Жакырчылыкта жашаган орусиялыктардын саны өткөн жылы 19,8 миллион кишиге жетти. Мамлекеттик статистикалык кызматтын - Росстаттын 5-апрелде жарыялаган маалыматына караганда, 2016-жылы кедейчиликке баткан адамдардын саны 300 миңге көбөйгөн.

Былтыр калктын 13% ашыгы төртүнчү кварталда айына 9 миң 691 рубль (171 доллар) деп белгиленген минималдык кирешеден аз акча алган.

Жакырчылыктын бул көрсөткүчү 2006-жылдан берки эң төмөнү болуп калды. Анда орусиялыктардын 21,6 миллиону минималдык кирешеден аз каражатка жан сактачу. Ал эми 2000-жылы жакырлардын саны 40 миллионго жеткен.

Мындан үч жыл мурун мунайдын дүйнөлүк баасы кескин арзандап, Батыш Орусияга каршы санкция киргизген кезде 16,1 миллион орусиялык жакырчылыкта жашайт деп расмий маалымдалган. Жазалоочу чараларга жооп катары Орусия Батыш продукциясына тыюу салып койгон. Натыйжада баалар көтөрүлүп, карапайым элдин сатып алуу жөндөмү төмөндөп кеткен. Жакындан бери өлкөдө экономикалык активдүүлүк байкала баштаганы менен орусиялыктар акчаны мурдагыдай сарптабай калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG