Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Өкмөт Абдыганы Эркебаевдин кызматтан кетүү арызын кабыл алды


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын башчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу маалымат 6-апрелде өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Абдыганы Эркебаев өзү ушундай чечимге келгенин 31-мартта академиянын жыйынында билдирген эле. Ал Илимдер академиясы реформанын алкагында жоюлуп кетүү алдында турган учурда жамааттын ичи биригүүнүн ордуна экиге бөлүнүп, ушак, эки жүздүүлүк, маалыматты сыртка ташуу өңдүү көрүнүштөр күчөгөнүн белгилеген.

Абдыганы Эркебаев 2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып, бир жылдан кийин академиянын окумуштуулар кеңеши тарабынан расмий президент болуп шайланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG