Дүйнөдөгү эң тажрыйбалуу аял-космонавт Пегги Уитсон Эл аралык космос станциясындагы экипаждын курамында дагы үч айга калат. Бул тууралуу НАСА 5-апрелде билдирди.
57 жаштагы Уитсон июнда жерге кайтып келмек, бирок анын станцияда иштөө мөөнөтү сентябрга чейин узартылды. Тиешелүү келишимге НАСА менен Роскосмос кол койду. Уитсондун миссиясы ушуну менен жалпысынан 10 айга созулмакчы. Ал буга чейин эле космосто эң көп убакыт өткөргөн жана ачык космоско эң көп чыккан аял болчу.
Кесиби боюнча биохимик Уитсон 1996-жылы астронавттардын катарына кошулган. 2009-2012-жылдары НАСАнын башкы астронавты болчу. Бул кызматты ага чейин жана андан кийин бир да аял ээлеген эмес.