Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Петербургда борборазиялыктардын батирлеринде тинтүү жүрдү


Кечээ Петербургда теги борборазиялык алты киши кармалганы белгилүү болгон.
Кечээ Петербургда теги борборазиялык алты киши кармалганы белгилүү болгон.

Санкт-Петергбургда 14 адамдын өмүрүн алган метродогу жардырууга шектелген Акбаржон Жалилов менен байланышта болгон борборазиялыктардын батирлеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Орусиянын Федералдык тергөө комитети тинтүү маалында "иликтөө үчүн маанилүү буюмдар" табылганын 6-апрелде кабарлады. Бирок ал эмне буюмдар экени так айтылган жок.

"Интерфакс" баштаган айрым маалымат агенттиктери 3-апрелдеги жардырууга көмөктөштү делген бир нече адамдар кармалганын жазышты. Бирок расмий булактар бул кабарды тастыкташа элек.

Кечээ Петербургда теги борборазиялык алты киши кармалганы белгилүү болгон. Метродогу кол салууга шектелген Жалилов Орусиянын жараны экени, ал Кыргызстанда төрөлгөнү кабарланган. Шектүүнүн апасы Одинахон Жалилова уулу бул ишке барганына ишенбей турганын журналисттерге билдирген.

Ал тапта коопсуздук күчтөрү Петербургдагы бир батирден жарылуучу жабдык табышканы маалымдалды. Батир жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG