Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:00

Жогорку Кеңеш баш прокурор Индира Жолдубаеванын Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу отчетун жактырды. Аны 116 депутаттын 101и колдоду.

6-апрелде парламентте Жолдубаева коррупция, адам укуктары жаатындагы мыйзам бузуулар тууралуу баяндама жасады.

Саясатчыларга каршы козголгон кылмыш иштер, сөз эркиндиги, жарандардын укуктарынын сакталышы сыяктуу соңку кездери коомчулукта кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Баш прокурор көзөмөл органынын дарегине айтылган сындарды четке кагып, жумуштардын баары мыйзам чегинде жүрүп жатканын белгиледи. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG