Кыргызстанда прокуратура тармагында иштеген 600гө чамалуу кызматкердин үй-жайы жок. Бул тууралуу бүгүн парламентте мыйзамдуулуктун абалы боюнча баяндама жасаган баш прокурор Индира Жолдубаева билдирди. Прокуратура кызматкерлеринин орточо айлыгы 14 миң сом экенин дагы кошумчалады.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча бул тармакта иштеп жаткандардын саны 841 киши. Учурда Бишкекте Көк-Жар конушуна алар үчүн көп кабаттуу бир үй салынууда. (SE)