Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:42

Түркия Сириянын Хан-Шейхун шаарында химиялык курал пайдаланылган деген далилдерди алганын билдирди.Түрк юстиция министри Бекир Боздаг өкмөттүк күчтөрдүн 4-апрелдеги аба соккусунан каза болгон үч кишинин денесин союп көргөн эксперттер ушундай бүтүмгө келгенин айтты. Ага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери да катышкан.

Сириялык жарандык активисттердин соңку маалыматтары боюнча, Идлиб провинциясындагы ал чабуулдан 86 киши набыт кетти. АКШ жана союздаштары Башар Асадды тыюу салынган курал-жарак колдонууда деп айыпташса, Дамаск жана өнөктөшү Москва бомбалар согушкерлердин уулуу заттар сакталган кампасына тийгенин ырасташуууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Орусияны Асад режими менен мамилелерин кайра карап чыгууга үндөдү. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эро “өз элин кырып жаткан Асадга эл аралык сот өкүм чыгарган күн келет” деп билдирди.

Франция Дамасктын химиялык чабуулун айыптаган резолюцияны кабыл алууну кайрадан сунуш кылды. 5-апрелде БУУнун коопсуздук кеңеши пикир-келишпестиктерден улам Батыш өлкөлөрү сунуш кылган резолюцияны колдогон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG