Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Улуттук университеттин ректору кызматынан бошотулду


Улуттук университет
Улуттук университет

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн тийиштүү буйругу бүгүн жамаатка тааныштырылганын университеттин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди. Бирок кандай ишке өткөнү азырынча кабарланган жок.

Жаңы ректор шайланганга чейин окуу жайды башкаруу милдети мурдагы министр Канат Садыковго жүктөлдү.

Адамкулова 2015-жылы ректор болуп дайындалган. Былтыр окуу жайдын айрым окутуучулары анын ишмердигине байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан. Өткөн жылы улуттук университеттин жетекчилиги окуу акысынан түшкөн 10 миллион сомго чукул акчаны айлантып, каржылык мыйзам бузганы аныкталган.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG