Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Таласта Өмүрбек Текебаевди коргоо комитети түзүлдү


Талас облусунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коргоо комитети түзүлду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган партиянын облустагы өкүлү Азис Курамаев билдирди. Комитетте 13 адам бар.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 26-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты саясий куугунтук деп баалап жатат.

Быйыл 27-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны эки айга атайын кызматтын тергөө абагында камоо чечимин чыгарган. Ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелине чейин камакта калган.

Бул чечимди 9-мартта Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Текебаевдин жыйырмадай колдоочулары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да нааразылыкты улантып жатышат. Бишкекте да бир канча жолу митинг өткөрүлгөн. (AlS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG